Сизден жогору жылдыздар гана

Сизден жогору жылдыздар гана

Франциянын Көгүлтүр Жээгиндеги гламурдуу Канн шаарынын үстүнө жайбаракат жана шаңдуулук менен көтөрүлүп жатып, өзүңүздү жылдыз сезиңиз! AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынан Круазетт вертолёт экскурсиясы сизге сонун паномаромалуу көрүнүштөрдү, «жылдыз чоңдугундагы» эстен кеткис эмоцияларды гана эмес, ижарага алып жаткан аба кемесинин бортундагы укмуштуу жайлуулукту да сунуштайт.

Канндагы атактуу Круазетт Жээгинин, «жылдыздар баш калкалаган жердин» үстүндө вертолёт менен жай жүрүп, өзүңүздү жылдыз сезүүгө же жадагалса алардан да жогору сезүүгө эмне жетсин? Патрисия Каастын обондорун угуп, анын эч ким кайталай алгыс «R» добушуна французча кошулуп ырдоо. Муздак шампанды шашпай ичүү, көгүлтүр толкундардын үстүндө өзүңүздү эң бийик ырахаттын чокусунда сезүү, ак көңүл учкуч менен маек куруу же жөн эле винт сымал канаттуу кубаттуу машинанын пропеллеринин добушуна мемирөө.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынан ижарага вертолёт алуу – бул Көгүлтүр Жээк жөнүндө кыялды орундатуу дүйнөсүнө аттануу, аны бийиктиктен «кучакка алуу» жана бир нече мүнөткө, анын өзүңүздү адамдын мүмкүнчүлүктөрүнүн «чокусунда» сезүү үчүн жетиштүү болгон, бир нече жүз метр бийиктиктен гана көрүүгө мүмкүн болгон кооздуктарынын толук укуктуу ээси болуу.

Атактуулуктун чокусунда

 

Канн өз конокторуна бул жерге жыл сайын көп сандаган саякатчыларды өзүнө тарткан көптөгөн иш-чараларды сунуштайт: белгилүү кинофестиваль, яхт-шоу, эл аралык кыймылсыз мүлк жарманкеси.

Пландаштырылган иш-чарага же майрамга, шаарга кире бериште фестиваль күндөрү болуучу көптөгөн километрдик тыгындарга кабылбай, өз убагында жетип келүү үчүн, Ниццанын аэропортунан Каннга вертолёт менен трансфер жалдоого шашылыңыз.

Элге толгон гламурдуу Круазетт жээгинин үстүндө вертолёт менен калкып учуп баратып, өзүңүздү кино жылдызы сезесиз.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы сизге сунуштайт:

  • жекече мамиле,
  • кино жылдыздарынын деңгээлиндеги сапаттуу сервис,
  • аба кемелеринин кеңири базасы,
  • бардык шарттардын кынтыксыз аткарылышы,
  • талабыңыз боюнча, аба кемесинин бортундагы кейтеринг,
  • талабыңыз боюнча, экскурсоводдун, гиддин, котормочунун кызматтар,
  • учкучтардын профессионалдуу командасы,
  • талабыңыз боюнча, вертолётту башкаруу боюнча мастер-класстар,
  • кошумча кызматтар: трансфер, жайгаштыруу, Франциянын Көгүлтүр Жээгинде көңүл ачуу программасы,
  • толук купуялуулук,
  • алгылыктуу жана оптималдуу баалар,
  • учуу мезгилинде толук коопсуздук,
  • туруктуу кардарлар үчүн арзандатуулар жана артыкчылыктар.

 

Сиздин Леринс аралдарына же Эстерель кызыл аскаларына кызыктуу эксурсиялар менен толуктаса боло турган, Круазетт жээгинин үстүндөгү идеалдуу учууңуз үчүн, келишимдүү учкуч сизди вертолётко отургузуу үчүн, айтылган саатта жана убакытта траптын жанынан күтүп алат. Кеме командири сизге коопсуздук техникасы жөнүндө айтып берет жана бокалдарды шуулдап турган шарап менен толтурат – ак жол!

 

Ишенип коюңуз – баары сиздин Көгүлтүр Жээк жөнүндөгү эң тайманбас кыялдарыңыздын бардык стандарттары боюнча аткарылат!

t98books

Comments are closed.