Сен-Тропенин гламур дүйнөсүнө вертолёт

Сен-Тропенин гламур дүйнөсүнө вертолёт

Франциянын Көгүлтүр Жээгиндеги бир кездерде балыкчылардын Сен-Тропе деп аталган кичинекей айылы бүгүн бүткүл дүйнөгө эң модалуу, гламурдуу, «кызуу», шөкөттүү пляждуу курорту катары белгилүү. Эгерде сиз күнгө күйгөн атактуу жылдыздардын бул дүйнөсүндө дайым «трендде» болуп, «өз адамы» катары кабыл алынгыңыз келсе, Сен-Тропеге вертолёт менен жөнөңүз!

Көп жылдык тажрыйбасы жана кынтыксыз бедели бар аккредиттелген ишенимдүү европалык авиаброкер – AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы өз кардарларына Монако – Сен-Тропе багытында вертолёт жалдооо же Ницца – Сен-Тропе трансферин алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Эгерде сиз, көпчүлүк башка саякатчылардай эле, француз Ривьерасына үзгүлтүксүз каттам менен же өзүңүздүн жеке джетте Ниццанын эл аралык аэропортуна (фр. Aéroport Nice Côte d’Azur) учуп келген болсоңуз, анда жолдо жүрүп, такси издеп же унаа ижарага алып ашыкча убактыңызды коротпоңуз – жайлуулук, ылдамдык жана сапатты тандаңыз –  AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынан Ницца – Сен-Тропе багытында вертолёт жалдаңыз. Биз сизге жардам беребиз:

  • Толук купуялуулукту сактоого.
  • Барчу жериңизге тыгындарда турбай, кармалбай жана кечикпей, эң тез жол менен жетүүгө. Ницца – Сен-Тропе багытында аба менен жол жүрүү болгону 20 мүнөттү талап кылат, ал эми Монако – Сен-Тропе – 15 мүнөт.
  • Сен-Тропеге баратканда тоолуу жолдордо жүрбөөгө.
  • Борттук сервистин VIP-кызматтары менен пайдаланууга.
  • Барчу жериңизге чейин сонун учууну, трансферди жана аба экскурсиясын эң алгылыктуу бааларда алууга.
  • Кийинки учуулар үчүн арзандатууларды жана биздин кардардын статусун алууга.
  • Гламурдун шаары болуп саналган Сен-Тропеге эң шөкөттүү жана эң мыкты жол менен – вертолёт менен учуп келүүгө.

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясынын артыкчылыктары

 

  • Компаниянын базасында – кардарларыбызга борттогу жүргүнчүлөрдүн санына, аба кемесин керектөө убактына көз карандысыз (мисалы, фестивалдарды өткөрүү мезгилинде) Ницца – Сент-Тропе багытында же Франция жана Европа боюнча башка каттамдарда сөзсүз вертолёт жалдай алуу ишеничин берген, аба кемелеринин ири тандамы бар.
  • Каалооңуз боюнча, вертолёт менен Монако – Сен-Тропе трансфери, аз убакыт болсо да үстүнөн учуп өтүп бара жаткан жерлер жана тегеректеги көрүүгө кызыктуу жерлер жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтып бере ала турган гиддин, экскурсоводдун жана /же котормочунун коштоосунда өтүшү мүмкүн. Кандай болгон учурда да, биздин вертолёттордун учкучтары абдан ак көңүл жана мамилечил болушат – учуу сөзсүз түрдө ар түрдүү баяндар менен коштолот, жана сиз жымжырттыкта отуруп, өзүңүздү оңтойсуз сезбейсиз, албетте, өзүңүз эле тынч учууну каалабасаңыз.
  • AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы учкучтардын жана вертолёттордун жана башка аба кемелеринин бортундагы тейлөөчү кызматкерлердин профессионалдуу командалары менен гана кызматташат, жана учуулардын сапатына жана жогорку деңгээлде, бирок алгылыктуу бааларда болушуна кепилдик берет.
  • Биз трансферди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жана кардардын бардык каалоолорун эске алуу менен сунуш кылабыз: учуу узактыгы, каттамды жекече пландаштыруу, барууга жана көрүүгө кызыктуу жерлерди тандоо. Жадагалса борттогу кейтеринг кызматын да сунуштай алабыз, жана сиз жаңы кармалган француз устрицаларын вертолётто баратканда эле татып көрө аласыз.
  • Хеликоптерде учуу – сиздин балдарыңыз үчүн тим эле эстен кеткис саякат болуп калат, «канаттуу унаа» аларды асманга алып учаары менен эле, алардын көңүлдөрү көтөрүлөт. Париждеги Диснейленддин бардык эң экстремалдуу аттракциондорун да вертолёт менен учууга салыштырып болбойт.
  • Сен-Тропедеги ишкердик саякат, маанилүү сүйлөшүүлөр, атактуу инсандар менен жолугуу же сүйгөн жарыңыз менен кезигишүү – хеликоптер менен трансфер оптималдуу жана таасир калтыра турган чечим болуп калат.

 

Биздин кардарлардын катарына кошулуңуз — престижге, жайлуулукка жана урматка ээ болуңуз!

t98books

Comments are closed.