Наполеондун баскан жолу менен — Гольф-Жуанга вертолёт менен

Наполеондун баскан жолу менен — Гольф-Жуанга вертолёт менен

Жыл сайын миллиондогон туристтер Франциядагы Көгүлтүр Жээке келишет, алардын көпчүлүгү бул жерге кайра-кайра кайтып келишет, ал эми эс алуучулардын саны эс алуу мезгилинен башка мезгилде да жергиликтүү жашоочулардын санынан ашат. Саякатчыларды Француз Ривьерасына эмне тартат? Эмне үчүн кино жылдыздары гана эмес, жөнөкөй туристтер да Ниццага чартерди алдын ала ижарага алууга шашылышат?

Бул суроолорго жоопторду бул жерлердин уникалдуу климатынан жана атмосферасынан, көрүүгө кызыктуу жерлеринен жана жаратылыш жана жергиликтүү калк түзгөн шарттардан табууга болот. Бирок Көгүлтүр Жээктин өзүнө тарткычтыгынын негизги себеби – анын деңиз, ачык аба ырайы жана ошого жараша маанай жараткан романтикасы болуп кала берет. Дүйнөнүн төрт бурчунан миллиондогон туристтер Француз Ривьерасына дал романтиканын артынан келишет.

Көп жылдык иш тажрыйбасы жана көп сандаган ыраазы кардарлары бар, авиация чөйрөсүндө аккредиттелген европалык брокер – AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы сизди Көгүлтүр Жээкке жогорку жайлуулук шарттарында барууга чакырат. Биздин кардарлар үчүн жеткиликтүү: алардын каалоолоруна ылайык жеке учакты ижаралоо, жайгашуучу жерге чейин аба трансфери, Жер ортолук деңиздин эң белгисиз жана таасирлентүүчү жерлерине вертолёт менен кызыктуу экскурсиялар.

Эгерде чынында эле өзүңүз үчүн Көгүлтүр Жээктин романтикасын ачкыңыз келсе жана чоң шаарлардын кымкуутунан чарчаган болсоңуз, Гольф-Жуанга вертолёт менен барууга шашылыңыз. Бул ­– Ниццадан жана Канндан дээрлик бирдей алыстыкта жайгашкан деңиз жээгиндеги шаарча, ал эми вертолёт менен каттам беш мүнөттөй убакытты талап кылат. Бирок учуудан алган таасирлер сизге өмүр бою жетет.

Гольф-Жуанга вертолёт менен экскурсия чоңдорго да, балдарга да кызыктуу болуп, бүткүл үй-бүлөңүз үчүн сонун изилдөө болуп калат. Бул чоң эмес шаарча качан бир өткөн убактарда бул жерде Наполеон токтогону менен белгилүү (Эльба аралынан Парижге бара жатканда). Вертолёттун иллюминаторунан панорамалуу көрүнүштөр менен моокумуңуз канганча ырахаттанып, көгүлтүр толкундардын арасында «бермет» сымал жалтылдаган Ниццаны, Каннды, Антибди алаканыңыздагыда тургандай көрүп, Гольф-Жуанга «Наполеондун изи менен» чакан сейил жасай аласыз. Бул шаарда атактуу трактирде түштөнүп, сергитүүчү шарап же чыңалтуучу кофе ичип, жергиликтүү мөмө-жемиштерди, быштактарды жана чучуктарды татып, атактуу императордун бюстун таап, коңгуроо илинген мунарага чыгып жана бул чакан прованс шаарчасынын романтикасын сиңирип, анан кайра вертолёттун бортуна кайтып келүүгө болот.

Гольф-Жуан булуңунун эки портун бийиктиктен жакшылап көрө аласыз: алардын биринде узундугу 40 метрге чейин жеткен, дүйнөдөгү эң кооз яхталар жайгашкан, ал эми экинчиси – жергиликтүү стилдеги «жөнөкөй» кайыктар үчүн арналган. «Кардай ак сулуулардын» кооздугуна суктанып жатып, балким, яхталардын бирин бир нече күнгө же жадагалса бир айга ижарага алууну каалап кетишиңиз ыктымал – мында да сизге «Кофранс Сарл» (ScanMarine TM) жардам берет.

 

Айланадагы кооздук

 

Гольф-Жуандын үстүнөн учуп бара жатып, Гольф-Жуан Валлорис саякатын да пландаштырсаңыз болот. Бул жерде француз Жер ортолук деңизинин романтикасына жан-дилиңиз менен гана эмес, денеңиз менен да чөмүлө аласыз. Шаарда көп сандаган дайвинг борборлору иштейт жана спорттун суудагы түрлөрү үчүн бардык шарттар каралган. Гольф- Жуан Валлористе суунун көгүлтүр тегиз бетинде лыжа же тактайда сүзүүгө, ошондой эле мазмундуу өткөрүлгөн күндөн кийин жөн эле чөмүлүп жана сергип алууга болот. Мындан сырткары, шаар керамика устачылыгы менен белгилүү, жана сиз жакындарыңыз үчүн көркөм сувенирлерди сатып ала аласыз.

Бирок эсте калуучу эң сонун нерсе болуп Франциядгыа Көгүлтүр Жээкте вертолёт менен экскурсия болуп калат деп ишенебиз, анын жүрүшүндө AVIAV TM (Cofrance SARL) төмөнкүлөргө кепилдик берет:

  • кынтыксыз сервис,
  • жогорку деңгээлдеги сапат жана жайлуулук,
  • сылык жана өтө так учкуч,
  • толук купуялуулук,
  • эң алгылыктуу баалар.

 

Франциянын Көгүлтүр Жээгиндеги кызыктуу окуялар жана фантастикалуу көрүнүштөр дүйнөсүнө алып учкан вертолёттун бортуна куш келиңиз!

t98books

Comments are closed.